Жаңылыктар | 19.08.2022 | Армияда 19 жаштагы жоокер каза болду HD
Украинанын Запорожье атомдук электр станциясында бир нече айдан бери жүргөн «Росатомдун» кызматкерлери 18-августта чыгып кетти. Киев Москва АЭСтин аймагында теракт уюштурууга даярданып жатышы ыктымал деп кооптонууда. Армияда 19 жаштагы жоокер каза болду. Расмий маалыматта 18-августта кечинде күзөттө турганда жоокердин куралы атылып кетип, алган жараатынан ошол жерде жан бергени айтылат. Баткенде журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып камалган блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыкты. Бир нече берене менен кылмыш иши козголгон блогер 28-мартта камалган . #запорожье #армия #бүгүназаттыкта #жаңылыктар _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/ Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/ https://www.instagram.com/azattykmedia/ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org https://www.facebook.com/azattyk Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu https://t.me/azattykrus
Похожие видео
Показать еще