Жаңылыктар | 17.01.2022 | Адахан Мадумаров сурактан чыкты HD

17.01.2022
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров таң эртеден бери суракта болду. Ал арада президент Садыр Жапаров "эгер чек ара боюнча күнөөсү болсо Мадумаров жооп бериши керек" деген пикирин билдирди. Акыркы үч күндө Нурсултан Назарбаевдин үч күйөө баласы тең кызматтан кетишти. Бүгүн президент Токаевдин буйругу менен элбашынын жакын тууганы Самат Абиш Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисинин биринчи орун басарлыгынан бошотулду. Кыргызстанда акыркы күндөрү коронавируска чалдыккандардын саны соңку беш айга караганда кайрадан көбөйүп баратат. Дарыгерлер элди санитардык талаптарды так аткарууга жана эмделүүгө чакырып жатышат. #БүгүнАзаттыкта #жаңылыктар #Мадумаров #Жапаров _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/​ Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/​ https://www.instagram.com/azattykmedia/​ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org​ https://www.facebook.com/azattyk​ Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu​ https://t.me/azattykrus

Похожие видео

Показать еще