Жаңылыктар | 19.05.2022 | Тоолуу Бадахшанда 21 адамдын өмүрү кыйылды HD

19.05.2022
Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагындагы "атайын операцияда" бийлик айткандан алда канча көп адам набыт кеткени маалым болду. "Азаттыктын" тажик кызматынын булактарына ылайык Рушан районунда кеминде 21 тургундун өмүрү кыйылган. Ысык-Көл облусундагы “Асман” шаары курулат деп пландалган жер биосфералык аймакка киргендиктен ал 10 чакырым Күн чыгышка карай жылат. Шаар эми "Тамчы" аэропортуна 10-12 чакырым жакындайт. Жай айларында миң кыргызстандык Улуу Британияга жумуш иштөөгө жөнөйт. Азыркы тапта өкмөттөр аралык келишимдердин алкагында Түштүк Корея, Германия, Финляндия, Жапонияга мигранттарга мүмкүнчүлүк ачылды. #ТоолууБадахшан #Асман #Британия #БүгүнАзаттыкта _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/​ Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/​ https://www.instagram.com/azattykmedia/​ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org​ https://www.facebook.com/azattyk​ Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu​ https://t.me/azattykrus

Похожие видео