Жаңылыктар | 24.03.2022 | Бир айда Украинада 128 бала каза тапты HD

24.03.2022
Орусия армиясынын Украинага киргенине бир ай толду. Андан бери бир да ири шаар көзөмөлгө алынган жок. Маалыматтар боюнча, согуштан 128 бала мерт кетип, 172си жарадар болду. Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап позицияда. Бул тууралуу бүгүн 24-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Өкмөт 126 млрд. сомдук антикризистик планын бекитти. 24-мартка карата президент Садыр Жапаров кайрылуу жасап, 2005-жылы коом адилетсиздикке жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы нагыз элдик революция жасаганын белгиледи. Ал арада Бишкектеги №47 колониянын алдында бүгүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин акциясы өттү. #Украина #Орусия #согуш _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/​ Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/​ https://www.instagram.com/azattykmedia/​ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org​ https://www.facebook.com/azattyk​ Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu​ https://t.me/azattykrus

Похожие видео

Показать еще