Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр. Муздаткычта каза болгон балдардын өлүмү.Милициялар жазаланды HD
#Каналга_жазылыңыз #жаңылыктар_окуялар 1. Кыргыз-тажик чек арасында кайра чыр чыкты 2. УЧУРДА АБАЛ ТУРУКТУУ Баткен районунун Таш-Тумшук калктуу конушундагы кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыкканын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 18-июнь күнү тажик тарап мамлекеттик чек аранын такталбаган жеринде жалпы пайдалануудагы Исфара — Ак-Сай — Ворух жолунун бөлүгүнө асфальт төшөө иштерин баштаган. Аракет Кыргызстан менен макулдашылган эмес. Тажикстандыктар кечки саат 8ден 9.20га чейин жолду жаап салышкан. Кыргыз чек арачыларынын иштерди токтотуп, жолду ачуу талабы аткарылбай, ортодо чыр чыккан. Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин жол куруу иштери токтотулду", — деп айтылат билдирүүдө. Ал эми жергиликтүү бийлик тургундар арасында түшүндүрүү иштерин күчөткөн. Ал эми буга байланыштуу Эки өлкөнүн чек арачылары бүгүн да жолугуп, абалды жана мындан аркы аракетти талкууламакчы. Ушу тапта чек арада абал тынч жана туруктуу деп айтылат. Эске салсак, Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймактарында эки өлкөнүн тургундары жол, жер талашып буга чейин да бир канча ирет чатакташкан. Мындай чатактарда адам өмүрү кыйылган учурлар да болгон. 1. Муздаткычта каза болгон балдардын видеосу үчүн 2.МИЛИЦИЯЛАР ЖАЗАЛАНДЫ Муздаткычка камалып чарчап калган эки бала тууралуу видео коомчулукка тарап кеткени үчүн эки милиция кызматкери жазага тартылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы балдардын сөөгү табылган учурда тартылган тасманын тарап кеткени боюнча Ысык-Көл ички иштер башкармалыгында иликтөө жүргүзүп, бир катар кызматтык мыйзам бузууга жол берилгенин билдирген. Милиция кызматкерлери арасында жетекчилик тарабынан тийиштүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес деп табылган. Жыйынтыгында, кызматкерлердин кесиптик этикасы, башкармалыктын тартиптик уставын одоно бузган деп Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн 2 милициясына эскертүү берилди. 1. ММА мушкерин сабап, тоноп кетишти 2. МУШКЕР БИР НЕЧЕ ЖЕРИНЕН ЖАРАКАТ АЛДЫ Чүй облусунун Виноградное айылында 24 жаштагы ММА мушкери Муса Юсуповду сабап, телефону менен жанындагы 500 000 сомун тоноп кетишкен. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка караганда, мушкер мечиттен келе жатканда арматура менен сабашкан. Жыйынтыгында Юсупов ооруканага түшүп, буту сынган жана бир нече жеринен жаракат алган. Сабалган Мушкер ал жерден милицияга арыз жазып, кол салгандар 500 000 сому менен телефонун тартып алышканын билдирген. Ал эми мушкердин бир тууганы Мамеддин айтып бергенине караганда, бутунун сөөктөрү талкаланган. Буга чейин дагы бир операция жасалганы менен дарыгерлер дагы бир жолу жасоо керектигин айтышкан. Алдын ала маалымат боюнча, кылмышка өз ара начар мамиле себеп болгондугу айтылат. Мындан тышкары, жабырлануучу менен сабап кеткендер тууган болуп чыгышкан. Учурда Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө башталган. Териштирүүнүн натыйжасынд