Баткенде кайрадан ок атылды.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында бугун 6-августтун таңында кайрадан курал колдонулган окуя катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Эки-Таш жергесинде тажик тараптан белгисиз бирөөлөр кыргызстандык чек арачыны болжол менен мергенчилик мылтыктан аткан. Чек ара отрядынын кызматкери колунан жарадар болгон. Ага медициналык жардам көрсөтүлуп, абалы канааттандыраарлык деп бааланып жатат.
Похожие видео
Показать еще