Жаңылыктар | 13.04.2022 | Атыштан тажикстандык чек арачы каза болду HD
Оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймыл" Кумтөр кени боюнча "Центерра Голд" менен түзүлгөн келишимден бийликти баш тартууга чакырды. Алар Кыргызстандын Кумтөр боюнча келишими менен өлкө "Центеррадагы" акцияларынан кол жууп, экологиялык чыгымдарды өзүнө алганын утулуш деп баалады. 13-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү чек арадагы кырдаалды талкуулашты. Анын жыйынтыгы менен кошумча тартылган куралдуу күчтөрдү мурдагы ордуна кайтаруу жана Канибадам-Худжант трассасынын биргелешип кайтаруу макулдашылды. Ал арада чырдан жарадар болгон Тажикстандын чек арачысы Зоир Саидумаровдун сөөгү бүгүн жерге берилди. Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Орусия армиясынын Украинадагы аракеттерин алгачкы жолу «геноцидге» теңеди. Украин бийлиги зомбулуктун далилдери ачыкталып жатканын билдирди. Орусия мындай дооматтарды четке кагууда. #Кыргызстан #БүгүнАзаттыкта #чекара _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/ Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/ https://www.instagram.com/azattykmedia/ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org https://www.facebook.com/azattyk Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu https://t.me/azattykrus