Жаңылыктар | 7.02.2022 | Алия Назарбаеванын дагы бир компаниясы бизнесин токтотту HD

07.02.2022
Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу сот башталды. Негизги айыпталуучу – 2011-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Санжар Сапарбеков күнөөсүн мойнуна алган жок. Ысык-Көлдө Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин уулуна таандык коттеждерде өрт чыгып, 300 чарчы метр эс алуучу жай толук күйүп кетти. Ал арада президенттик администрация маалымат таратып, Бейшеналиев менен Жумабековдун чыры боюнча өкмөттүк комиссия жакында чечим чыгарарын билдирди. Казакстандын темир жол компаниясы Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алияга таандык компания менен келишимин токтотту. Алия Назарбаеванын компаниясы электрондук билеттерди сатуу менен ар бир билеттен 45 теңгеден комиссия алып турган. #Бейшеналиев #БүгүнАзаттыкта #жаңылыктар _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/​ Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/​ https://www.instagram.com/azattykmedia/​ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org​ https://www.facebook.com/azattyk​ Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu​ https://t.me/azattykrus

Похожие видео

Показать еще