Жаңылыктар | 16.06.2022 | “Ихсан” турак жай кооперативине нааразылык күчөдү HD
Франциянын, Германиянын жана Италиянын лидерлери Киевге келди. Европа лидерлеринин бул сапарынын алдында АКШ Украинага 1 миллиард доллардык кошумча курал-жарак жөнөтөрүн жарыялады. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыкты, Баш прокурор Курманкул Зулушев болсо кайрадан кызматына киришти. “Ихсан” турак жай кооперативине акчасын салып, кайра кайтарала албай жаткандар ишкананын Бишкектеги кеңсесинде соңку 3 күндөн бери топтолуп жатышат. Алар кооператив убада кылган үйгө да жетпей жатканын айтышты. Алмазбек Атамбаев Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана түркиялык он адамга Кыргызстандын жарандыгын берди деген эки иш боюнча соттон акталды. #Атамбаев #ихсан #Бейшеналиев _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/ Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/ https://www.instagram.com/azattykmedia/ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org https://www.facebook.com/azattyk Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu https://t.me/azattykrus
Похожие видео
Показать еще