#САЯСИЙ_КОКТЕЙЛЬ Роза Отунбаева: «Жээнбеков «мага жардам бербей, сындап туруп алдыңар» деп жүрөт» HD

08.04.2021
Экс-президент Роза Отунбаева СУПЕРТВ каналындагы "Саясий коктейль" берүүсүндө маек берди. Ал учурдагы жаштардын күчү жана маанисине токтолуп, "Жаштар жөн жаткан жок. Алар бүт дүйнөнү кыдырып, тажрыйба топтоп, биздин өлкөнү да ошентип өнүктүрсө болот деген ишенимге келген жарандар" деп мүнөздөдү. Учурдагы бийликтин 2010-жылы орун алган Июнь окуяларын кайра иликтөө аракетине карата экс-президент: "Мейли Жапаров, мейли Ташиев болсун, ал "кара жащикти" ачпагыла демекмин. Болбосо Убактылуу өкмөттүн да айтчусу бар. Азыркы көйгөйлөрдү чечпей эле, эски окуяларды козгоп, кимдин кайсыл жери кычышып атат?" - деп суроо салат. Ошондой эле экс-президент Айзада Канатбекованын өлүмү аны абдан катуу силкинткенин, өлкө башчысы Садыр Жапаров азыр ИИМге жана анын башчысы Улан Ниязбековго карата катаал чара көрүүсү зарылдыгын айтат. "Мына, Бурулайдын өлүмүндө Сооронбай Жээнбеков Кашкар Жунушалиевди калкалап койгон. Дегеле аны такай мактап, ал баарын аткарат деп коргой берчү. Аягы эмне менен бүттү?" дейт Отунбаева. Толугу менен видеодон көрүңүз.

Похожие видео

Кыйналганда баламды бирөөгө берейин дегем 29 жаштагы 5 балалуу эненин арманы:
27.05.2017
04:43

Кыйналганда баламды бирөөгө берейин дегем 29 жаштагы 5 балалуу эненин арманы: "Жолдошум акчанын айыбынан жаңы төрөлгөн кенже баламды сатабыз деди..." Абдылдаева Гульнара секелек кезинде ар бир кыздардай эле кыялданып, болочок күйөөсүнүн таттуу сөздөрүнө ишенип турмушка чыккан. Ойлогону тескерисинен чыгып турмуш курган күндөн баштап көзүнүн жашы кургай элек. Жолдошу алдамчылык менен адамдардан акча алып жашачу экен, 3 - баласынан кийин алдамчылыктын артынан түрмөгө отургузулат. Сүйүүнүн көзү көр дегендей күйөөсүнүн кылыгына ишенбей ал түрмөдө отурган кезинде кайын – журту жардам бербей койгондуктан төркүнүнөн акча алып күйөөсүнүн карыздарынан кутулуп, 3 баласы менен иштеп балдарын багат. Түрмөдөн чыккан күйөөсү адал оокат кылып үй бүлө баккандын ордуна мурдагы ишин кайра улантат да алдамчылык менен экинчи жолу темир тор аркасында калат. Ал учурда 5 баланын энеси болгон бул айым балдарын жалгыз иштеп багат, жолдошунун карыздарынан кутулат. Экинчи жолу түрмөдөн чыгып таш боор жолд

одноклассники
Показать еще