Жоокердин статусу ажодон да бийик | Темиров лайв | Болот Темиров HD

18.09.2022
Үй-бүлөдө балдар канчалык сабаттуу, идиректүү болсо, ийгилик ээси – ата-эне. Кыргызстан – бул баарыбызга эне, а Кыргызстан эли баарыбыздын атабыз деп элестетеличи. Саясатчылар, бийлик, оппозиция, жарандык коом, айтор баарыбыз – өлкө балдарыбыз. Өлкөбүз, элибиз бизге билим берди, өзүбүздү башкалардан кем сезбегендей кийинтип, ичинтип, баардыгы менен тең укукта теңата сүйлөшөр достук мамиле күтүп өстүк дейли. Азыр үй-бүлөдө жоопкерчиликти улуулар колго алаар учур. Академик, саясатчы, хан же башкасы болосуңбу, эне-ата – эң башкысы. Бардык таарыныч, чыр-чатакты унутуп, кур намыс, бой көтөргөндү коюп, баарыбыз биригер учур. Элестүү айтканда, ата-энеңди, демек, өлкөнү, элди сүйүп, ага камкор болуп, коргоого тийишпиз. Керкейген текебердик, бийлик үчүн күрөш жакшылыкка алып келгени кана?! Уруу-уруу, кокту-колотко бөлүнүп, ач көз болуп келгендин айынан, кыйла жерлерибизден ажырап, дүйнөнүн чар тарабына чачылдык. Канчасы Кытай, Памир, Тажикстандын Жерге-Тал, Мургап райондорунда отурукташып, миллиондогон мекендештерибиз бөлөк эл, бөтөн жерлерде тентип жүрүшөт ко. Энебиздин этин кескилеп, атабызды өлтүрүп, жатындашыбызды зордуктап жатканына кантип карап тура алабыз?! Андыктан мен бүгүн коңулда бекип жатпаган чыныгы генерал, запастагы офицерлерди согуштук тажрыйба жана билимин майданда майышпас жоокерлерибизге берүүгө чакырам. Натыйжалуу тактикаларды, стратегияларды иштеп чыгууга жардам бериңиздер! Жана баардыгыбыз жоокерлерибиздин жогун толуктап турууга биригели. Колубуздагыны аябайлы. Майдандагы жоокерлерибиз ач-жылаңач болбосун, коргонууда колдорунда заманбап курал-жарактар болсун. Заман талабына бап келген тажрыйба, ыкмаларды колдонуп, алдыңкы үлгүдөгү согуштук шаймандар менен куралданууга тийиш! Ансыз, мекенибизди коргоо мүмкүн эмес. Бүгүн ар жоокер, ар бир офицердин статусу президенттин статусунан да бийик. Мен чыныгы кесипкөй, камырдан кыл сууругандай кылдат сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алган дипломаттарга кайрылам. Мындайда “караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан” көсөмдүк керек. Көрөсөндөрдүн нускоосу өлкө үчүн керек. Ошондой эле аскердик адистерге, улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлерине кайрылам. Сиздердин чалгындоо, согуш кылмыштарын аныктоо боюнча тажрыйбаңар өлкө коопсуздугу үчүн керек. Журналифактчекерлергесттерге, басылмаларга, өзгөчө , иликтөөчү журналисттерге кайрылар элем: диктатор, баскынчы, агрессор Эмомали Рахмондун пропагандасын ашкерелеп, анын согуштук кылмыштарын иликтөө зарыл. Бүткүл Кыргызстан калкына кайрылам, аскерлерибизди барктап, баалап, урматтап, ошолорго кам көрөлү. Биздин тирегибиз, коргоочубуз, таянычыбыз ошолор. Эгер аларды бүгүн тойгузууга жарабасак, эртең баскынчылардын аскерин тойгузууга туура келет. Ар бир аскерибизге, офицерлерибизге кайрылам: эл үмүтү, эл сыймыгы силер! Тайманбас эрдигиңер майданда майышпасын. Силер эл четинде, жоо бетинде болсоңор, жалпы Кыргызстандын эли артыңардагы калканыч. Бүгүнкүнүн каарманы да, сыймыгы да силерсиңер! #болоттемиров #бишкек #политика #темировлайв #кыргызстан #ново

Похожие видео

Кыйналганда баламды бирөөгө берейин дегем 29 жаштагы 5 балалуу эненин арманы:
27.05.2017
04:43

Кыйналганда баламды бирөөгө берейин дегем 29 жаштагы 5 балалуу эненин арманы: "Жолдошум акчанын айыбынан жаңы төрөлгөн кенже баламды сатабыз деди..." Абдылдаева Гульнара секелек кезинде ар бир кыздардай эле кыялданып, болочок күйөөсүнүн таттуу сөздөрүнө ишенип турмушка чыккан. Ойлогону тескерисинен чыгып турмуш курган күндөн баштап көзүнүн жашы кургай элек. Жолдошу алдамчылык менен адамдардан акча алып жашачу экен, 3 - баласынан кийин алдамчылыктын артынан түрмөгө отургузулат. Сүйүүнүн көзү көр дегендей күйөөсүнүн кылыгына ишенбей ал түрмөдө отурган кезинде кайын – журту жардам бербей койгондуктан төркүнүнөн акча алып күйөөсүнүн карыздарынан кутулуп, 3 баласы менен иштеп балдарын багат. Түрмөдөн чыккан күйөөсү адал оокат кылып үй бүлө баккандын ордуна мурдагы ишин кайра улантат да алдамчылык менен экинчи жолу темир тор аркасында калат. Ал учурда 5 баланын энеси болгон бул айым балдарын жалгыз иштеп багат, жолдошунун карыздарынан кутулат. Экинчи жолу түрмөдөн чыгып таш боор жолд

одноклассники