Биз эмнеге жеңилдик? HD

30.10.2020
1258-жыл. Беш кылымдан бери гүлдөп, Ислам маданиятынын борборуна айланган, илимдин жана технологиянын ордосу болгон Багдад шаары душмандардын курчоосунда калат. Чыңгызхандын небереси Хулагу Багдатты колго алып, шаардын таш талканын чыгарат. Тарых китептеринин биринде 200 000, башка маалыматтар боюнча 1 млн мусулман өлтүрүлгөн деп келет. Кылымдар бою Багдатын көркүн ачып турган мечиттер, сарайлар, китепканалар Хулагунун аскерлери тарабынан жер менен жексен болот. Илимпоздордон мурас катары калган жана Исламдын алтын доорунун жышааны болгон миңдеген китептер өрттөлөт, калганы дарыяларга ыргытылат. Ошол күнү дарыя китептердин көк сыясы менен адамдардын кызыл канына бойолот. “Даруль Хикма” башкача айтканда “Даанышмандуулук үйү” атындагы академия талкаланат. Ал өз доорунда бүткүл жер жүзүндөгү илимпоздордун борбору болуп турган. Учурдагы Силикон өрөөнүндөгү илим борбор “Даанышмандуулук үйүнүн” заманбап көчүрмөсү десек жаңылышпайбыз. Таш-талканы чыккан шаардын сыртына өз ордосун тиккен Хулагу Багдаттын эң мыкты аалымы менен көрүшөм деп жар салат. Бирок бир да аалым Хулагунун астына чыкканга эрки жетпейт. Ошондо жадагалса ээгинде сакалы жок, Кадыхан аттуу жаш бир медресе мугалими Хулагунун хузуруна чыгат.

Похожие видео

Болгон жана бул тууралуу эч кандай ТВ, радио, интернет КӨРСӨТПӨГӨН чындыкты айта кетсек, Ооганстандагы Кундуз шаарында хаафиздер (Кур'ан жаттап, анын маанисин билгендер), жаш балдар мектебин Американын учак кемелери бомбалап жарып жиберген эле (04.04.18). Мектепте жүздөн ашуун бала жарылуудан каза тапты. Бир хаафиздин колун кармап атасы коштошуп жатканда, баланын жансыз мейити атасынын колун кое бербей жатты. Ошол жердеги жакындары муну көрүп, өксүп ыйлап жатышты. Баласы каза болсо, албетте, ата -энеге кыйын. А бул жерде жаш балдар өлтүрүлдү го?! Зулумдук жасалып жатат го?! Аллах сабыр берсин! Жеңилдик берсин! Бейиштик балдар! Аллах эсеп алууда .... Бул жашоо биз үчүн сыноо! Йа Роббим! Бизди кечир! Бүткүл мусулмандарды, биздин эли -журтубузду заалимдерден, ар кандай зулумдуктан сактай көр! http://instagram.com/formulasy
14.04.2018
01:01

одноклассники