Алайда окуучу кыз атасынын унаасы менен 5 жаштагы баланы сүзүп өлтүрдү
Кечээ, 22-апрелде саат 15:00 чамасында Алай районунун Гүлчө айыл аймагында окуучу кыз атасынын унаасы менен 5 жаштагы баланы сүзүп өлтүрдү. Бул маалыматты ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты. Маалыматка караганда, окуя Алай көчөсүндө болгон. 8-класста окуп жаткан кыз атасынын «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасын айдап чыгып, 5 жаштагы баланы уруп алган. Жабыркаган бала Алай аймактык ооруканасына жеткирилип, бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.