Карантинге туш келген 5 өспүрүмдүн өлүмү. Коронавирус: Үчөө айыгып, 13 адам кошулду HD
Бишкек шаарынын аймагында эми жаңы чектөөлөр болот. Өзгөчө абал режимин сактоо үчүн кошумча чаралар кабыл алынган. Чектөөлөрдүн арасында унаа менен жана жөө жүрүүгө да тыюу салуу, үчтөн көп адам топтолууга болбойт пункттар да бар. http://barakelde.org/news:393734 *** 31-мартка карата Кыргызстанда дагы 13 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бишкек шаарында 1, Нарын облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 1 учур катталды. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 107 адамга жетти. Бейтаптардын биринин абалы өтө оор, үчөө айыгып чыкты. https://barakelde.org/news:393759 *** Ысык-Көл облусунда окуучулар карантинге байланыштуу тараган күндөн тарта 5 өспүрүм өз өмүрүнө кол салды. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Элмира Усенованын маалыматы боюнча, балдардын өлүмү 16-марттан 29-мартка чейинки аралыкта катталды. Ал балдар 11 жаштан 14 жашка чейинкилер болгон. http://www.turmush.kg/news:393768 *** Социалдык тармактарда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн короосунда адам сабалган учурда тартылган видео тарап жатат. Болжолдуу маалыматтарга караганда, окуя 30-мартта саат 22:50 чамасында болгон. Видеодо кара түстөгү куртка кийген жаран кызыл курткачан адамды сабап жатканын көрүүгө болот. http://barakelde.org/news:393778 *** Ак-Талаа районунун 58 жаштагы тургуну Жаңылбүбү Шакулова 10 кыз, 1 уулдун апасы. Ал удаа төрөлгөн 10 кызынан кийин уулун жарык дүйнөгө алып келгенде бүт айыл сүйүнүп, майрамдашкан. Кыргызстандын бардык аймактарындагы турмуш, жашоону чагылдырган кызыктуу окуялар Turmush сайтында. http://www.turmush.kg/news:393730 --------------------------------------------------------------------------------------------- Официальный канал ИА АКИpress Также смотрите и читайте нас по следующим ссылкам: Наш сайт: http://akipress.org/ Instagram: https://www.instagram.com/akipress/ Страница в Facebook: https://www.facebook.com/akipress/ Twitter: https://twitter.com/akipress Телеграм: https://t.me/akipress Группа в VK: https://vk.com/public145293907