Жети мүнөт жетпей калды, ооруган адамды өмүрүн сактай албай калдым деген маалымат боюнча билдирүү. А
Жети мүнөт жетпей калды, ооруган адамды өмүрүн сактай албай калдым деген маалымат боюнча билдирүү. Ал адам өлгөн эмес, кечээ Жоломан Карымшаков ыктыярчыга ыраазычылыгын билдирди. Аталган окуя соцтүйүндөрдө жарыялангандан кийин ИИМдин тергөө кызматы окуянын чоо-жайын текшерүү жана ал кайсы ооруканада кабыл албай койгондугун текшерүү максатында фактыны кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап ыкчам иликтөө иш-чараларын баштаган. Алдын ала иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.Мурзаева өз ыктыяры менен “Жаштар Демилге Борбору” коомдук уюмуна ыктыярчы болуп иштеп жаткандыгын, анан 16-июлда саат 22:50дө Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда көчөдө бир адам эс учун жоготуп жатат деген маалымат түшүп, ал жерге барышкан учурда отурган абалда бир адамды көрүшкөндүгүн жана дем алуусу кыйын болуп жаткандыктан аны түнкү стационарга алып барышкандыгын билдирген. Стационардагы врачтар бош орун жок экендигин билдиришкен, бирок убактылуу болсо дагы башка ооруканага жаткызканга чейин кычкылтек концентраторуна кошуп тургулачы деген суранычтан улам, дарыгерлер макул болуп ал адамды стационардын ичине алып кирип кетишкен. Арадан он мүнөт өткөндөн кийин стационардагы иштеген дарыгерлердин бири, силер алып келген адамдын жүрөгү токтоп, каза болуп калгандыгын билдирген. Ал адамдын кандайдыр бир кыска убакытка клиникалык өлүм абалында болгондугу айтылууда. Ыктыярчылар кетип калышкандан кийин тиги жаран кайрадан эсине келген. Иликтөө иш-чараларынын учурунда жогорудагы каза болуп калды деген маалымат жалган болуп чыкты. Ал тирүү эле экен, жердиги Ата-Башы районунун тургуну, учурда Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда жашаган 45 жаштагы Жоломан Карымшаков экендигин аныкталып, анын эч кандай каза болбогондугу аныкталды. Ат-Башы районундагы туугандарына чейин анын өздүгүн тактоого туура келди. Жоломан Карымшаковдун өзүнүн айтуусунда: “2020-жылдын 16-июль күнү саат болжол менен 22:00 чамасында мас абалда жүрүп, кан басымым көтөрүлүп Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунан жолдо жатып калдым, анан мени ыктыярчылар өздөрүнүн машинасына салып ооруканага алып жөнөштү. Жолдо келе жатканда өзүмдү бир жоготуп, бир өзүмө келип машинада бара жаткандыгымды сезип, машинадагы бир кызды карап,