Барскоондогу төрөт үйүндө жарыкка келген ымыркай чарчап калган HD

30.01.2019
Жети-Өгүздүн Барскоон айылындагы төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн ымыркай чарчап калды. Аталган төрөт үйдүн имараты муздак, деп билдирди акушер-гинеколог Бактыгүл Иманкожоева. Дарыгердин айтымында, ал бул мекемеде бир топ жылдан бери эмгектенип келет. «Барскоон калкынын саны боюнча чоң айыл. Мурда биздин төрөтканага келип төрөгөн аялдардын саны арбын эле. Кийин көңүл бөлүнбөй. кышкысын жылуулук жетиштүү деңгээлде берилбей келгени дарыгерлердин катарында мени түйшөлтүп келет. Бул маселе боюнча райондук аймактык ооруканасынын башчысына эки ирет кат аркылуу кайрылып, тийиштүү жооп алган жокмун. Мындан улам кышкысын төрөт кабыл албай калгандай абалга келген. 2018-жылдын 8-ноябрында Барскоон айылынын 1977-жылы туулган тургуну А.Ш. бешинчи баласын төрөө үчүн кайрылган. Ал күнү мени үйдөн алып келишти. Ал келин төрөгөнгө даяр болуп калыптыр. Ошондо төрөттү кабыл албай койгонго болбойт эле, районго жетпей калмак. Салмагы 2,4 кг наристе төрөлүп, ошондо бөлмөдөгү температура +6 болгондуктан бала үшүп калды. Биз баланы энесинин көкүрөгүнө жаткырып, колдон келген аракетти кылдык. Бирок муздак болгондуктан мен райондук оорукананын башчысынын орун басарына кайрылып, эне-баланы тез жардам унаасына салып жөнөттүк. https://www.turmush.kg/news:359060

Похожие видео

Кыйналганда баламды бирөөгө берейин дегем 29 жаштагы 5 балалуу эненин арманы:
27.05.2017
04:43

Кыйналганда баламды бирөөгө берейин дегем 29 жаштагы 5 балалуу эненин арманы: "Жолдошум акчанын айыбынан жаңы төрөлгөн кенже баламды сатабыз деди..." Абдылдаева Гульнара секелек кезинде ар бир кыздардай эле кыялданып, болочок күйөөсүнүн таттуу сөздөрүнө ишенип турмушка чыккан. Ойлогону тескерисинен чыгып турмуш курган күндөн баштап көзүнүн жашы кургай элек. Жолдошу алдамчылык менен адамдардан акча алып жашачу экен, 3 - баласынан кийин алдамчылыктын артынан түрмөгө отургузулат. Сүйүүнүн көзү көр дегендей күйөөсүнүн кылыгына ишенбей ал түрмөдө отурган кезинде кайын – журту жардам бербей койгондуктан төркүнүнөн акча алып күйөөсүнүн карыздарынан кутулуп, 3 баласы менен иштеп балдарын багат. Түрмөдөн чыккан күйөөсү адал оокат кылып үй бүлө баккандын ордуна мурдагы ишин кайра улантат да алдамчылык менен экинчи жолу темир тор аркасында калат. Ал учурда 5 баланын энеси болгон бул айым балдарын жалгыз иштеп багат, жолдошунун карыздарынан кутулат. Экинчи жолу түрмөдөн чыгып таш боор жолд

одноклассники
Показать еще