Дарыгерлер элди канча жыл бою алдап келген?
Ызы чуу окуялар менен атагы чыккан №4 -төрөт үйүндөгү коррупциялык схема аныкталды. Ички иштер министрлиги---бул перинаталдык борбордон-- фармацевтикалык компаниялар аркылуу 22 миллион сомдон ашык каражат чыгарылып кеткендигин таап чыкты. Дары ташыган фирмалардын эсебине бюджеттик акча которулуп турган. Бирок, төрөт үйүнүн кампасына эч кандай медициналык каражат келип түшкөн эмес. Мунун натыйжасында, былтыр 7 миллион, быйыл 15 миллион сом зыян келтирилгендиги аныкталды.
Похожие видео
Показать еще