Өзбекстандын көчөттөрү контрабанда жолу менен кирип атабы? HD

25.02.2021
Кадамжай районунун Марказ айыл өкмөтү тээ союз мезгилинен бери эле көчөт өстүргөн багбандардын мекени катары белгилүү. Ошол учурда бул аймак мамлекеттик питомник болуп турган. Мөмөлүү жана мөмөсүз дарактардын көчөттөрүн даярдаган багбандар азыркы учурда да көчөт өстүрүүнү улантып келишет. 34 жаштагы Нурлан Абдивохидов жылына 100 миң даанага чейин көчөт сатат. Ал багбанчылыктын сырын атасынан үйрөнүп, жаштайынан эле көчөттөрдүн арасында чоңойгон. Эми болсо, бул өнөрүн үй-бүлөлүк бизнеске айлантып алды. Жыл сайын февраль айынан тартып, бир ай бою кошуналары сыяктуу каарманыбыз да жол боюнда көчөт соодасы менен алектенет. Андан тапкан кирешеси миллион сомду чамалайт экен. Бирок кошуна Өзбекстандан кирген көчөттөр соодага тоскоолдук жаратып жаткандыгын айтышууда. Жылына 3 млн даанага чейин көчөт сатылып келген болсо, акыркы 10 жылдан бери импорттун айынан зыянга учурашууда. Мындан улам бийликтен бул маселени чечип берүүсүн суранышты.

Похожие видео

Сөзүм түшүнүктүү болсун деп видеону бөлүшүүгө туура келди, капа этпеңиздер... Бул кыз үчүн убактыңыздарды алгым келген эмес, бирок айтпасам болбойт окшойт. #Гулзат_Мамытбекти башында эч кимге зыяны деле тийбейт го, аракетчил кыз экен деп кээ бириңер менен анын таламын талашып, тартышканым үчүн кечирим сурайм. Бул кызды бир чара коруп токтотпосо коомго коркунуч алып келе тургандай. Ал катышып жургон агымбы же сектабы, айтоор бекеринен бир топ мамлекеттерде тыюу салынбаган окшойт да. Башында элге жакшы корунуп
16.06.2018
02:53

Сөзүм түшүнүктүү болсун деп видеону бөлүшүүгө туура келди, капа этпеңиздер... Бул кыз үчүн убактыңыздарды алгым келген эмес, бирок айтпасам болбойт окшойт. #Гулзат_Мамытбекти башында эч кимге зыяны деле тийбейт го, аракетчил кыз экен деп кээ бириңер менен анын таламын талашып, тартышканым үчүн кечирим сурайм. Бул кызды бир чара коруп токтотпосо коомго коркунуч алып келе тургандай. Ал катышып жургон агымбы же сектабы, айтоор бекеринен бир топ мамлекеттерде тыюу салынбаган окшойт да. Башында элге жакшы корунуп " тур, тура гой", "алтыным", "берекем" деп жүрүп, акыркы мен коргон видеолордо агрессивдүү үн менен кыйкырып, элди тилдеп, уруша баштаптыр. Методикасы ошондой окшойт. Биринчи ишенимге кирип, анан элдин аң сезимне агрессия жолу менен чабуул жасап, акырындап мээсине синирип өздөрүн күнөөлүү сездиргиси бардай көрүндү! Бул кызды же дарылатуу керек, же коомдон четтетүү керек деп ойлойм. Дагы бир ойлондура турган нерсе көпчүлүктөн, анын ичинде менден да акча сурап жүрөт, (чоң сумма

одноклассники
Показать еще