ОШ МЭРИ: УРУКСАТЫ ЖОК УЛАГАНДАР 4 МЛН АКЧАНЫ ТӨЛӨЙСҮҢҮР// ЖАҢЫ КОНУШКА АЛГАЧКЫ ЖОЛУ ТАЗА СУУ ЖЕТТИ HD
#Ош#Жаңылыктар#ТаалайбекСарыбашов Абдумалик Базарбаев журналист ТРК "ОшТВ" Instagram - https://www.instagram.com/abdumalik_bazabaev/?hl=ru Facebook - https://www.facebook.com/profile.php?id=100015105090491 Ош шаарынын чет жакасындагы жаңы конушка таза суу жеткирүүгө атайын долбоор ишке ашырылган.Жергиликтүү жашоочулар мыйзамсыз суу түтүктөрүн үйүнө алып кирген үчүн негизги колонкаларда суу чыкпай калган.Жаңы конуштун инфра-түзүмүнө даттануулар көп түшүп,шаар мэри Таалайбек Сарыбашов барды.Долбоорду бузган жашоочулар чыгымдалган 4 млн 600миңди айып катары төлөй турганы айтылды.Шаардыктардын таза суу менен толук камсыздоо үчүн 3 млн АКШ доллар Жогорку Кеңештен ратификациядан өткөнүн калаа башчысы билдирди. Калаанын чет жакасындагы Керме-Тоонун бооруна 10 жылдан бери турак-үйлөрдүн түптөлүшү күчөгөн.Жаңы конушка айланып келе жаткан аймактын инфра-түзүмүндө көйгөйлөр көп. 218-кврталындагы 600 түтүндү таза суу менен убактылуу камсыздоо үчүн 5 млнго тендер жарыяланып,4 млн 600 миңге долбоор өткөн жылы ишке ашырылган.Долбоордо кварталдын 8 көчөсүнө суу колонкалары каралган.Жашоочулар мыйзамсыз үйлөрүнө суу түтүктөрдү тартып алганы үчүн, таза суу чыкпай калган.Суу тартууга дагы система адистер арасында талаш жаратты. Каналга катталыңыздар!!! https://www.youtube.com/results?search_query=%D0%B0%D0%B1%D0%B4%D1%83%D0%BC%D0%B0%D0%BB%D0%B8%D0%BA+%D0%B1%D0%B0%D0%B7%D0%B0%D1%80%D0%B1%D0%B0%D0%B5%D0%B2