ОШ МЭРИ: ЖАҢЫ БАСЫЛГАН АСФАЛЬТТЫ КАБЫЛ АЛГАН ЖОК// САПАТЫ НАЧАР ЖАСАЛГАН ЖОЛДОР HD
#Ош#Мэр#Долбоор#Жаңылыктар Абдумалик Базарбаев журналист ТРК "ОшТВ" Instagram - https://www.instagram.com/abdumalik_bazabaev/?hl=ru Facebook - https://www.facebook.com/profile.php?id=100015105090491 Ош шаарында жаңыдан гана реконструкциядан өткөрүлгөн Алиев көчөсүндөгү сапатсыз асфальт кабыл алынган жок.Жолдун курулушу бүткөнүнө аз убакыт болсода,ирригациялык каналдын бөлүгүндөгү суу өтүүчү түтүкчөлөр тешилип калган. Бүгүн шаар башчысы Алмаз Мамбетов жаңы жолдун курулушун текшерип, кетирген кемчиликтерди тез арада калыбына келтирүүнү талап кылды.Шаар казынасынан каржыланган долбоорлорду сапатсыз курган тендердик компанияларды кара тизмеге киргизүү сунушу берилди.Калаада 530 км жол болсо,анын дээрлик 70 пайызы жараксыз абалга кептелген. 60-70-жылдары курулган жолдун абалына шаардыктардын нааразычылыгы көп жаралат. Калаанын негизги жолдорунун кесилишиндеги Алиев көчөсүнүн 1 км 75 метр аралыгына асфальт төшөлүп,жаңыдан тротуар курулуп бүткөн.Бирок,көчөнүн реконструкциядан кийинки техникалык каталарга коомчулуктук нааразычылыгы көп.Калаа мэри Алмаз Мамбетов асфальттын басылышын текшерди. Жолдун курулушу бүткөнүнө аз убакыт болсода,ирригациялык каналдын бөлүгүндөгү суу өтүүчү түтүкчөлөр тешилип,жол куруудагы катачылыктар аныкталды. Жаңы асфальттагы канализация капкактарынын орду асфальт менен басылбай жөн гана цемент менен түздөлгөн.Суу түтүктөрүнүн кошулмалары жолдун калыбын бузганы байкалып турат.Шаар башчысы толук жасалбай калган жумуштарды жана техникалык кемчиликтерди тез арада оңдоп-түзөөнү талап кылды.Жаңы салынган көп кабатуу үй дагы жаңы асфальт басылгыча канализация тартууну жасабай койгон. Каналга катталыңыздар!!! https://www.youtube.com/results?search_query=%D0%B0%D0%B1%D0%B4%D1%83%D0%BC%D0%B0%D0%BB%D0%B8%D0%BA+%D0%B1%D0%B0%D0%B7%D0%B0%D1%80%D0%B1%D0%B0%D0%B5%D0%B2