ОШТО ЭЛ МҮДӨӨСҮ ИШКЕ АШАТ/БАСУУГА МҮМКҮН БОЛБОЙ КАЛГАН ЖОЛГО АСФАЛЬТ ТӨШӨЛӨТ HD
#ЖАҢЫЛЫКТАР#ОШ#ЖОЛ Ош шаарынын чет жакасындагы жаңы конуштардын жана айылдардын жолу оңдолууда. Жакында көп жылдардан бери каралбай , жашоочуларга кыйынчылык жаратып келген Мээркан Абдыкадырова айлынын негизги көчөсүнө асфальт төшөлөт. Буга чейин шаар башчысы Таалайбек Сарыбашовдун эл менен болгон жолугушуусунда айылдагы жол,таза суу жана башка көйгөйлөр которулгон. Эми айылдын инфра тузумун жакшыртуу жолдон башталганы турат. Мээркан Абдыкадырова айылында 284 кожолук отурукташкан.Тургундардын дээрлик баардыгы шаарда иштейт.Мектеп дагы айылдан бир канча чакырым алыстыкта жайгашкан. Жолдун абалы начар болгондуктан маршруттук каттамдар коп каттабайт. Бир гана каттам 153 кичи автобус журот. Айылдын негизги көчөсү жараксыз абалга кептелип, көп жылдан бери жашоочуларды түйшөлттү. Айрыкча жаан-чачын жаган мезгилде басууга мүмкүн болбой калат.Жергиликтүү тургундар калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов менен жолугушууда негизги көйгөйдү ортого салган.Быйылкы жылы жолду куруу шаар мэринин демилгеси менен башталганы турат Каналга катталыңыздар!!! https://www.youtube.com/results?search_query=%D0%B0%D0%B1%D0%B4%D1%83%D0%BC%D0%B0%D0%BB%D0%B8%D0%BA+%D0%B1%D0%B0%D0%B7%D0%B0%D1%80%D0%B1%D0%B0%D0%B5%D0%B2 #ABDUMALIKBAZARBAEV
Похожие видео
Показать еще