Иманалиев: Кыргызстанды Африка өлкөлөрүнө теңегиси келгендер Конституцияны өзгөртүүнү сунуш кылууда HD
Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө каршы сокку аракети деп баалап жатат. 22-октябрда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып ал азыркы чакырылыштагы парламент конституциялык реформа жүргүзүүгө мыйзамдык убактысы да, моралдык жана юридикалык укугу да жок экенин айтты. Иманалиев парламенттик кайра шайлоо мөөнөтүн Боршайком аныктаганын, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо күнүн да ошол орган аныктай турганын, азыркы чакырылыш шайлоо эрежелерин өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун гана кабыл алып берип, кетиши керектигин белгиледи. Депутат Конституцияда Жогорку Кеңеш беш жылга шайланат деп жазылып турганын, азыркы чакырылыштын мөөнөтү 28-октябрда бүтөрүн кошумчалады: “Булар сунуш кылган варианттын долбооруна ылайык, ушул Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары 2021-жылдын май айына чейин уланат деп жатышат. Бул Конституцияга каршы келет. Конституция императивдик укуккка ээ – бул ушул жерде, Кыргызстанда азыр ушул Конституция гана иштейт деген сөз. Булар мыйзам менен ошол Конституцияны жокко чыгарып жатышат. Дүйнөдө юриспруденциянын тарыхында андай жок. Боршайком кечээ Конституцияга негизденип парламенттик шайлоону 20-декабрга дайындады. Эң туура. Булар алардын артынан мыйзам чыгарып, кабыл алынган мыйзамды жокко чыгаралы деп жатышат. Эл бизди “Таркагыла, ишеним бүттү” деп жатат. Бизге дагы сегиз ай калып, жаңы Конституцияны кабыл алууга ким укук берди?” Иманалиев акыркы он жыл аралыгында дүйнөдө парламенттик өлкөдөн кайра президенттикке өткөн үч гана мамлекет – Уганда, Сенегал жана Гана өлкөлөрү экенин айтып, Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга үндөп жаткандарды Кыргызстанды өнүгүүсү эң артта калган ошол Африка өлкөлөрүнө теңейбиз дегендер деп атады. Кыргызстанда 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун аягы чуу менен коштолуп, анын баштапкы жыйынтыгы жокко чыгарылган. Азыр президенттин милдетин премьер-министр аткарып жатат, парламенттин мөөнөтү аяктап баратат. Боршайком 21-октябрда парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген. Бүгүн парламентте бул эки шайлоону Конституцияга өзгөртү киргизүү боюнча референдум өткөрүп алып, анан уюштуруу тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыкканы белгилүү болду. Анын демилгечилери Кыргызстандын 4-октябрдагы окуядан кийинки коомдук-саясий абалын, экономикалык оор кырдаалын келтирип жатышат.