Бишкекте 22,5 миң адам батарлык жаңы стадиондун курулушу башталат HD
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын футбол боюнча курамасын Азия Кубогу-2023кө чыгышы менен куттуктады Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-июнда, Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын курамаларынын ортосунда болгон беттешке барды. Бул биздин команда үчүн Азия Кубогу-2023кө тандоо этабындагы акыркы оюну болчу. Кыргызстан менен Тажикстандын курамалары оюнду тең, 0:0 эсебинде жыйынтыкташты. Эки команда тең Азия Кубогу-2023түн финалдык баскычына чыгышты. Беттеш аяктаган соң Мамлекет башчысы улуттук кураманын кийим алмаштыруучу жайына кирип, команданы бул ийгилиги менен куттуктады. Ал болуп өткөн бардык беттештердин жүрүшүндө спортчулар кооз жана укмуштуудай футболду көрсөтүп, кыргызстандыктарга чыныгы майрам тартуулашканын белгиледи. Садыр Жапаров машыктыруучулар курамына ыраазычылык билдирип, аларсыз бул жеңиштерге жетишүү мүмкүн болмок эместигин билдирди. Президент спортчулар менен болгон баарлашууда Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын Азия Кубогуна катышуусуна байланыштуу бардык каржылык маселелер өз убагында чечилерин баса белгиледи. Ал алдыда команданы көптөгөн жаңы спорттук бийиктиктер күтөөрүнө, мамлекет тарабынан керектүү колдоо ар дайым көрсөтүлөөрүнө ишенимин билдирди. Мындан тышкары, Садыр Жапаров көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн жагымдуу жаңылык— үстүбүздөгү жылдын августунда Бишкекте 22,5 миң адам батарлык заманбап жаңы стадиондун курулушу башталарын билдирди. Садыр Жапаров белгилегендей, бул эл аралык мүнөздөгү ири иш-чараларды тийиштүү деңгээлде өткөрүүгө мүмкүн болгон көп функциялуу спорттук арена болот. Бул Кыргызстанда футболду өнүктүрүү жана спорттун бул түрүн мындан ары жайылтуу үчүн зарыл. Өз кезегинде улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин жана команданын капитаны Валерий Кичин Садыр Жапаровго көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, акыркы жылдары мамлекет тарабынан футболду жана жалпы эле өлкөдө спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилешти. Алар борбор калаада жаңы заманбап стадиондун курулушунун башталышын чыдамсыздык менен күтүп жатышканын кошумчалашты. ***** Президент Садыр Жапаров поздравил сборную Кыргызстана по футболу с выходом на Кубок Азии-2023 Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 14 июня, на столичном стадионе им. Долона Омурзакова посетил футбольный матч между сборными Кыргызской Республики и Республики Таджикистан. Это была последняя игра отборочного этапа Кубка Азии-2023 для нашей команды. Сборные Кыргызстана и Таджикистана завершили игру вничью со счетом 0:0. Обе команды вышли в финальный этап Кубка Азии-2023. По завершению матча Глава государства зашел в раздевалку национальной сборной, где лично поздравил команду с этим успехом. Он отметил, что во время всех прошедших матчей спортсмены продемонстрировали красивый и зрелищный футбол, подарив настоящий праздник кыргызстанцам. Садыр Жапаров выразил слова благодарности тренерскому составу, без которого эти по
Похожие видео
Показать еще