УБАКТЫЛУУ ОКМОТ ЖООПКО ТАРТЫЛАБЫ???
2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардын стихиялуу эмес, жергиликтүү оппозициянын күчтөрү менен уюштурулгандыгын күбөлөгөн түз дагы, кыйыр дагы далилдер көп. Ал гана эмес байкаганга анчалык деле маанилүү эмес, бирок, иш жүзүндө көп нерсени айтып турган Таластан алынган эпизод. Эгерде Таластагы 6-апрелдеги окуялар бардык тараптар үчүн күтүүсүз окуя болгон деп ынандыргысы келгендерге ишенсек, анда Бишкектен жүздөгөн чакырым алыстыктагы россиялык федералдык каналдардын съемкага тартуучу тобунун дал болуп жаткан окуялардын чордонуна келип калган фактысын кандай түшүндүрүүгө болот? Болгондо дагы 1-каналдын. Анын керек болсо Кыргызстанда кабарчылык пункту дагы жок эле го. Телеканалдардын өкүлдөрү качан жана кайда болушу керектиги тууралуу алдын ала кабарлангандыгы менен гана түшүндүрүүгө болот. Демек, кимдир бирөө эмне качан конкреттүү түрдө боло тургандыгы тууралуу алдын ала билгендиги анык. Апрель «революционерлеринин» «биринчи толкуну» азыркы тапта бийликте эмес. Жана бул чындыкка жок эле дегенде бир кадам жасоого мүмкүнчүлүк берет. Чындыкты казып чыгуудан коркпогон жана дүйнө жүзүнө Ала-Тоо аянтында адамдарды ким атты? Эмне үчүн мынча көп курмандыктар болду? — деп тайсалдабай бетке айта турган жигиттер чыгышы керек. Азырынча телевизорду бурап, россиялык ЖМКнын Батыш тарабынан эл аралык бардык нормалардын жана эрежелердин бузулуп жатышы жөнүндө, Американын башка өлкөлөрдүн иштерине уят-сыйытсыз кийлигишүүлөрү жөнүндө, батыштын Россияга каршы үгүт иштери өңдүүлөр жөнүндө кезектеги үгүт-насыят программаларын угалы. Ырысбек Өмүрзаков "Жаңы Ордо". №04 (618), 8-февраль, 2019-жыл