Иманалиев: Биз Атамбаевге күнөө койбойбуз, аны «жерге түшүрүп» беребиз HD

20.06.2019
Атамбаевге күнөөнү депутаттар эмес, укук коргоо органдары гана коё алат жана бул иш канча убакытты талап кылары белгисиз. Бул тууралуу Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча маселени караган атайын убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев 20-июнда парламентте билдирди. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестиктен ажыратуу маселесин бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңеште карала баштады. Кол тийбестик боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссия демилгечи топтун Атамбаевге койгон тогуз кинесин карап чыгып, алтоо – бийликти узурпациялады, Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон деген айыптар боюнча - Атамбаевден шектенүүгө негиз бар деп чечкен.

Похожие видео

Показать еще