Тез көргүлө!Оштун бюджети 194 млн 979 миң сомго көбөйөбү Биринчи балага да энелик капитал толонот
Саламатсыздарбы сиздерди 18-январга карата кундун маанилуу жанылыктары менен тааныштырсам назарынарда валюталар курсу 18-Январда Кыргызстан Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы 18-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райдорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт. Алгач кундун орчундуу жанылыктарынын кыскача тизмеси, Оштун бюджети 194 млн 979 миң сомго көбөйөбү Биринчи балага да энелик капитал толонот Компьютер аркылуу адамдардын акчасын уурдап жүргөн шылуун кармалды Кыргызстан сүт азыктары Кытайга экспорттолот ушул жана башка жанылыктар менен сиздерди кенеирек тааныштырсам 1-Компьютер аркылуу адамдардын акчасын уурдап жүргөн шылуун кармалды Баткенде жарандар коммуналдык кызматка деп төлөгөн акчаны жасалма документ аркылуу өзүнө ыйгарып алган кыргызстандык жаран Москвадан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка таянсак, шектүү бир нече жылдан бери документтерди жасалмалоо жолу менен элден түшкөн акчаны өз чөнтөгүнө салып турган. Кармалган шектүү Баткенде туулган 1980-жылкы Г.А. Москвадан табылган. Учурда аны жоопкерчиликке тартуу үчүн Кыргызстанга жөнөтүү маселеси каралып жатат. Маалымат назар нюс 2- Кыргызстандын сүт азыктары Кытайга экспорттолот Кыргызстандын он үч ишканасына Кытайга сүт экспорттоо мүмкүнчүлүгү ачылды. Жергиликтүү ишкерлер азырынча кургак сүт жана сыр гана ташый алат. Маалымат ббс 3-Инспекторлор уурдалган унааларды гаджеттер аркылуу издейт 2020-жылдын башынан тарта Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бардык стационардык постторунда инспекторлор планшеттерди колдоно баштады.Ведомстводон билдиришкендей, анын жардамы менен жасалма номерлерди, унаанын уурдалганын же издөөдө экенин , ошондой эле айып пулду төлөбөй жүргөндөрдү аныктоого болот. Маалымат элгезит 4- Быйыл Ош шаарынын бюджети 194 млн 979 миң сомго көбөйөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди. Алардын маалыматына караганда, 2020-жылга карата Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин 1 млрд 322 млн 600 миң сом менен бекитүү сунушталууда. Бул сумма 2019-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 194, млн 979 мин сомго көп. Маалымат турмуш Конулунуздорду дуйнолук кабарларга бурсам 1-Зеленский жөнүндө ачуу чындык премьердин кызматтан кетишине түрткү болдубу? Украинанын премьер-министри Алексей Гончарук кызматтан кетүү туралуу арыз жазды. Бул тууралуу украин басылмалары жазып чыгышты. Эске салсак, Гончарук арыз жазганга чейин анын өлкө башчы Владимир Зеленский тууралуу жакшы эмес пикир айтканын далилдеген аудио жазуу тарап кеткен. 35 жаштагы Алексей Гончарук өлкөнүн премьер-министрлик кызматына 2019-жылдын август айында дайындалган. Булак:NazarNews.kg 2-Кытайда балдардын төрөлүшү азаюуда Кытай Элдик Республика болуп түзүлгөн убакыттан бери балдардын төрөлүшү эң төмөнкү чекке жетти. Маалыматка ылайык, былтыр 14 миллион,65 мин бала төрөлгөн жана бул 70 жыл мурдагыга ка