Экс-вице-премьердин үйүнөн миллиондогон сомдор табылды. HD

10.12.2018
УКМК: КР МУРУНКУ ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР МИНИСТР МЫЙЗАМСЫЗ БАЙЫГАНДЫГЫ БОЮНЧА ФАКТЫЛАР АНЫКТАЛДЫ. КР УКМК Башкы прокуратура тарабынан мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында КР кылмыш-жаза кодексинин 308-1 беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунда каралган кылмыш белгилеринин негизинде 2018 –жылдын 7-декабрында кыргыз жараны З.Д. мүлкүнө карата тергөө иштери жүргүздү. Такталган боюнча, 2011 жылдан 2017 жылга чейин З.Д. мамлекеттик маанилүү кызматтарда жетекчи болуп иштеп келген, анын ичинде, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болгон. 2011-2016 жылдары З.Д. расмий түрдө тапшырган декларациясы боюнча кирешеси 2 млн. 541 сомду түзгөн. Ушул эле убакта анын аялынын кирешеси 408 миң сомду түзгөн. Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин негизинде З.Д. расмий кирешелеринен бир канча эсе жогору, булагы жана келип чыгышы белгисиз болгон ири өлчөмдөгү акча каражаттары аныкталган. Белгилей кетсек, өкмөт кызматында иштеп жатканда, өздүк эсебинде декларацияда көрсөтүлбөгөн 889 миң 900 АКШ долларын коммерциялык банктардын биринде сактаган. Ошондой эле, өзүнө катталгандыгын жашыруу максатында туугандарына же башка адамдарга катталган кыймылсыз мүлктөрү аныкталды. 2017-жылдын 17-апрелинде З.Д. соода-сатык келишиминде 34 млн. жана 19 млн.сомго бааланган,Бишкек шаарынын ортосунда жайгашкан,эки кеңсени жакын туугандарынын бирине каттаткан. Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору кызматында жүрүп бир нече алтын, акиташ жана башка кендер жайгашкан жерлерге лицензияны өзүнүн жумушсуз тууганына каттаган. Мыйзамсыз баюу беренеси боюнча - кызмат адамынын мыйзамсыз түрдө расмий кирешесинен ашкан активдеринин көбөйүшүн тактап бере албаган учурда кылмыш иши козголот. Буга байланыштуу тергөө органдарынын позициясы,аталган иш боюнча кызматтык адам активи мыйзамдуу экенине декларация гана далил болуп берет деген көзкарашта. Азыркы убакта кармалган адам КР УКМК Тергөө камак жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат. Булак: УКМК КР. http://www.gknb.gov.kg/press/post/377

Похожие видео

Показать еще