Кан жолдогу кырсык мигранттын көйгөйүн көтөрдү HD
Орусияда жол кырсыгында мерт болгон 14 кыргызстандыктын сөөгү мекенине алып келинип, жерге берилди. Бул кырсык кыргызстандыктардын үрөйүн учуруп, мигранттардын маселесин кайрадан көңүл борборуна чыгарды. Учурда коомдо мигранттардын көйгөйү, коопсуздугу кызуу талкууланып жатат. Сыртта туруп өлкө экономикасына салым кошкон журтташтардын маселеси дал ушундай кырсык болгон учурда көтөрүлөбү? Мамлекеттин сырттагы жарандарына камкордугу кандай? Бул суроолорду «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө талкуулайбыз. Программага Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмаз Букалаев, Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды сыртка ишке орноштуруу борборунун жетекчисинин орун басары Алмаз Алыбаев, Кыргызстандын Мигранттар профсоюзунун негиздөөчүсү Гулнара Дербишова жана түз байланыш аркылуу ЕАЭКтин эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору, Кыргызстандын мурдагы вице-премьер министри Алтынай Өмүрбекова, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, активист Орозайым Нарматова катышат. Талкууну Бакыт Асанов алып барат. _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/ Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/ https://www.instagram.com/azattykmedia/ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org https://www.facebook.com/azattyk Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu https://t.me/azattykrus
Похожие видео
Показать еще