ЖАҢЫ ЭМГЕГИМ Gulsen Оф, оф Кыргыз тилинде сөз жазып көрдүм. Сөзү: Гүлзат Кудайбердиева
Gulsen Оф, оф Кыргызчага которулду деген сөздөн алысмын. Мазмунун калтырып, кыргызча сөз жазып көрдүм. @nargizaaitemirova досумдун аткаруусунда Оф, Оф Кандай гана күндөр болду, Өзүмдү өзүм жемелеген, Жандүйнөмдү тепселеген. Жашап келдим үмүт менен. Кантип анан таарынбайын? Чарчап бүттүм. Чанчыламын! Оф Кыйнаба, тагдыр, эми! Сындырба шагым менин! Оф, оф. Алоолонуп күйүп жанам Оф оф Мен өзүңдү сүйүп барам Оф оф Сезимиме бүлүк салдың, Суранамын түшүн, жаным. Жүрөгүмдү жараладың, Оф! Оф оф Алоолонуп оттой жанам, Ой оф Калбай барат башка аргам, Оф оф Ойлорумду ээлеп алдың, Түштөрүмдө жашап калдың, Жүрөгүмдү жараладың, оф! Жалгыз сага ишенгенмин, Эмне болду түшүнбөймүн? Айланып мен көлөкөңө, Сүйөрүмдү түшүнбөдүң, Сага арнаган жүрөгүмдө, Айтчы жаным эмне күнөө? Оф! Кыйнабай, жаным эми! Кайрадан мага келчи! Оф, оф. Алоолонуп күйүп жанам Оф оф Мен өзүңдү сүйүп барам Оф оф Сезимиме бүлүк салдың, Суранамын түшүн, жаным. Жүрөгүмдү жараладың, Оф! Оф оф Алоолонуп оттой жанам Ой оф Калбай барат башка аргам Оф оф Ойлорумду ээлеп алдың, Түштөрүмдө жашап калдың, Жүрөгүмдү жараладың, оф! 27.10.2020 ГУЛЗАТ КУДАЙБЕРДИЕВА #Gulsen #Оф_оф #НаргизаАйтемирова