МЕНИН ЫРЫМДЫ ТЫҢДА Сөзү: Гүлзат Кудайбердиева Обону: Гия Канчели Ильяз Абдыразаков

07.01.2021
Вааай! Жаңылыктын үстүнө жаңылык болбодубу! Ильяздын ырдаганын билбепмин. Күтүлбөгөн жаңылык болду мага. Себеби, кайырмасына келгенде таштап койдум эле жазбай. Ильяз өзү кошуптур.)) Азыр теледен чыга калса секире тура калыпмынго. Баса, ырды телефонго тартып атсам Апам кайра-кайра чалып калса болобу? Өчүргөн сайын сүйүнчүлөйүн деп чалып аткан экен.)) Анда, тексттин кошо окуп, угуңуздар. "Менин ырымды тыңда" аталышын бериптир. _ МЕНИН ЫРЫМДЫ ТЫҢДА Ырдабай кантем көңүлдө турса нота чертилип, Ыр менин жашоом, ыр мага келет дайым дем берип, Ыргалып күүгө, назданып кыздай кылыгы назик табийгат бийлеп, айлана кошо тыңшайт термелип. Ырларым менин жер жүзүн каптап шаңга бөлөсүн, Жаштыктын дагы сүйүүнүн шаңы ыр деп билемин. Тартуулап бакыт, себепчи болуп кимдир бирөөнүн Жакшылыгында, кубанычында жаңырса деймин. Көңүлдү баалап, өмүрдү барктап жашап жүрөлү, Түшүнсөң эгер дарылайт жалгыз ырлар жүрөктү. Жадырап турсун маанайың дайым жылмайып жаша, Ырымды уккун, белегим сага, чөксө көңүлүң. Сөзү: Гүлзат Кудайбердиева Обону: Гия Канчели Аранжировкасы, аткарган: Ильяз Абдыразаков

Похожие видео

Показать еще