АТА-ЭНЕМ КУБАТБЕК КУРМАНБЕКОВ Сөзү: Гүлзат Кудайбердиева

11.09.2022
АТА-ЭНЕМ Алпештеп бала кезимден, Мээримге бөлөп терметкен. Картайып улам баратат, Жыл өткөн сайын ата-энем. Адалдан тамак жедирген, Атанын уулу дедирген. Тарбия берип чоңойтуп, Картайып барат ата-энем. Кечирген ката кетирсем, Кемимди бүтөп бекиткен. Азыр да айтып насаатын, Акылга акыл ата-энем. Тагдырга кейип кетем мен, Агарган чачын эстесем, Болгондо мүмкүн бермекмин, Жаштыгым сага ата-энем. Оорусам алыс кетпеген, Ооруума шыпаа издеген. Унутуп кайгы-капасын, Биз үчүн жашайт ата-энем. Небере үйлөп, кыз берген, Үйүмдүн төрүн ээлеген, Тирегим менин ата-энем, Жараткан өмүр берсе экен. текст- 29.06.2022 20:54 мрз - 11.09.2022 11:00 © Гүлзат Кудайбердиева Обону: Жеңгиз Мырзакулов Аткарган: Кубатбек Курманбеков

Похожие видео