19 жолу күйөөгө берип Сирияда 6 жыл жашап келген келиндин баяны

15.05.2019
#БелесТВ #болгон #окуялар Аялдын жашоо шарты өтө начар эле. Ошентсе да мекенине кайтуу ниетин өлүм жазасынан коркуп эч кимге айта алган эмес. БИШКЕК, Сирияда алты жыл жашап, мекенине кайтып келген казакстандык келин согуштагы турмушу тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 33 жаштагы аялдын айтымында, ал 2010-жылы диний ишенимдеги эркек кишиге турмушка чыккан. Эки жылдан кийин үй ээси иш издеп чет өлкөгө кеткен. Кайда кеткенин жубайы бир айдан соң гана билген экен. "Түркиядан Сирияга өтүү жеңил, эч кандай тосмо жок. Анча чоң эмес конушка келдик. Бир жумадан кийин мекениме кайтарымды билдирсем, жолдошум мени эч ким кабыл албай турганын айтты", — деди келин Казакстандын ТИМинде отуруп. Сирияда жашаган алты жылда аял эки жолу төрөгөн. Санитардык шарттын начардыгынан биринчиси чарчап калган, ал эми экинчиси "Жусан" атайын операциясынын натыйжасында энеси менен аман-эсен Казакстанга 2019-жылдын январь айында келди.

Похожие видео

Показать еще