Аял Жыпар Исабаева Беш Акын Акындар КОНКУРСУ КТРК 28 11 15

18.01.2016
АЯЛ (Бүтпөс монолог) Ким айтат, аялдарды – алсыз деп? Аял – жеңил, акылы аз, арсыз деп? Аял – шайтан, аял деген – азгырык, Бузуку иштер болбойт болчу ансыз деп?!. “Алтын баштуу аялдардан – Бака баштуу эркектерди артык...” – деп... Ооба, айтышат... Жатат мында улуу ой, Четке кагуу мүмкүн эмес – калпыс деп! Анткени ушул Макалды да чыгарган – Аял го деп болжойм да айтам – алкыш кеп! Кезде анткени – эл башына иш түшкөн, Эмес эрлер – бүжүрөйүп, бүктүшкөн! Аял дайым: “Баатырым!” – деп дем берип, Турганы үчүн сакасы айкүр, чик түшкөн! Менчи? Ушундай Аял боло алдымбы? Абай салып карайм артым, алдымды. Шерим, сени - “Баатыр” кылуу ойдо эле, Сезе алдыңбы, Сен да менин баркымды? Баар таптымбы, барк таптымбы ушундан? “Канат болсом...”- дедим сени учурган! Кербезденбей, кетмен, күрөк колго алып, Оңдойм дедим, ой-чуңкурду бузулган... Улутунуп Унчукпайсың... Турмуштан утулдумбу, балким жокмун утулган! Алдастадым, алыс-алыс талпындым, Мойнума анан чаар баштыкты артындым! Орусия, Европа, Корея, чет жерлерде Канча өмүрүм калтырдым! Ден соолугум, жаштыгымды, назымды, Садага чаап капчыгы үчүн калкымдын. Канча эне калды бала “өңөрбөй”, Канча бешик турат бөбөк бөлөнбөй?! Кайран кыздар азып-тозуп жүргөндө, Манастай уул, калды бекен төрөлбөй?!. Канча ымыркай, чоочун жерде калгандыр? Башка түшкөн бул – шор, ачуу армандыр?! Эркеликти, аял назын унуткан, Эби келсе эркектерче урушкан, Энелерди, эжелерди, кыздарды, Эрлер, шерлер, мен силерден суранам, Колдон келсе, Эми аялга айландыр?!. “Оорун – колдон, Жерден алсам жеңилин”, - деп жашагам... Беделине Шеримин шек келтирүү – оюмда да жок эле, катуу кетсем, кечир мени, Теңирим?! Кантип айтпайм, тамырына доо кетип, жүрөгү ооруп турса элим-жеримин. Эркек! Чыны сен бийиксиң аялдан, Мен анткени кабыргандан жаралгам. Сен – күчтүүсүң, түндүгүмдүн түркүгү, Сени көрөм, неберемден, баламдан... Суранаарым- Элди, жерди, эртеңди, Калкалап кал, кара тумоо абалдан?!. 3.01.2015.

Похожие видео

Показать еще