УКМК: ТЕНДЕР үчүн МИЛЛИОН ДОЛЛАР талап кылган АЛДАМЧЫЛАР кармалды

11.03.2020
УКМК ККК: АЛДАМЧЫЛАРДАН ТУРГАН КЫЛМЫШ ТОБУНУН ИШИНЕ БӨГӨТ КОЮЛДУ 2020-жылдын 10-мартында УКМК ККК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын учурунда 250 миң АКШ доллар өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурунда КР жарандары Ош областынын Кара-Кулжа районунун тургуну 1960-ж.т. С.у.Ж.,Нарын областынын Жумгал районунун тургуну 1964-ж.т. Ш.М.А. жана Чүй областынын жашоочусу 1965-ж.т. Н.Р.С. кармалышты. Такталгандай кармалгандар «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы Мамлекеттик иш канасынын жетекчилеринин биринен, Кара-Балта шаарынын суу түтүктөрүн алмаштыруу боюнча мамлекеттик сатып алуу тендерин утуу үчүн 1 млн. АКШ долларөлчөмүндө акча каражатын сурап, кийин250 миң АКШ долларга түшүрүшкөн.Ошондой эле С.у.Ж. карата мурда алдамчылык фактысы боюнча кылмы-иши козголгону аныкталды. Муну менен алдамчылык аракеттерин чындыкка окшоштуруу максатындаС.у.Ж. КР Кыргыз Республикасынын Президенти жана анынчөйрөсүндөгүлөр менен алакасы бар экендигин айтып, жогорудагы маселени чечип берүү убадасын берген. Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 38-беренеси (Кылмышка даярдык көрүү) жана 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалгандар КР УКМК Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Похожие видео