Апрель баатырларыАтамбаев балдардын канына тойбой жатабы HD
Кыргызстанда 70 900 адам расмий түрдө жумушсуз катары каттоодо турат. Бул тууралуу 15-апрелде Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтысууна карганда, ал жетектеген министрликте каттоодо тургандардын гана саны. Ал эми Улуттук статистика комитетиндеги маалыматтарды кошкондо алардын саны 174 000 адамга жетет. Ошондой эле, министри аталган министрликке жыл сайын өлкөдө жакырчылыкты бир пайызга азайтуу боюнча милдеттенме жүктөлгөнүн жана ал үчүн атайын улуттук долбоор иштелип чыкканын кошумчалаган. Ал долбоор жумушсуздукту азайтат. Ал эми улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, республикадагы элдердин 1 млн. 600 миңи жакыр жашайт, алардын 72% элет жерлеринде. “Кең-Булуң-унаа жолу” чек ара бекетинде Кыргызстанга сымап алып өтүүгө аракет кылган 4 казак жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, чек арага келген казак жарандардын унаасын текшерүүдө бир баштыктын ичинде жү аарчыга оролгон “РЕАХИМ Р” жазуусу бар эки банка табылган. Анын ичинде кызыл медициналык сымап экендиги аныкталган. “Чек арачылар Казакстандын жарандарын кармап, тиешелүү документтерди чогултушкан. Кармалгандар жана сымап УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген”, – деп айтылат маалыматта. ЖАЙЫЛ РАЙОНДУК МИЛИЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ОРУН БАСАРЫ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басарын пара алып жаткан жеринен кармашты. Кармоо иштери УКМК менен ИИМдин ички тергөө кызматы менен бирге ишке ашкан. Социалдык тармакта тоо башында, келген конокторго айгүл гүлүн үзбөөгө чакырган Баткендик тургундун видеосу көңүл чордонунда. Тасмада байкалгандай жаран 1 эмес 3 тилде кайрылып, эскертүү берип жатты. Мындай кадамы интернет колдонуучуларын күлкүгө бөлөдү. Жаран конокторго “Не ломаем айгул гулу не оторвём,не сломаем”,-деп кайрылган Париждеги Нотр-Дам-де-Пари чиркөөсүнүн чатыры толугу менен урап түштү. Тасмада жалындаган өрт чатырды толугу менен каптап кеткенин байкоого болот. Маалыматка ылайык, өрт болжол менен саат 18:30дар чамасында башталган. Кырсыктын келип чыгышына имараттын ичиндеги оңдоо иштери жүрүп жатканынан улам катталышы ыктымал экени айтылган. Учурда өрт өчүрүү кызматы тыкыр иш алып барып жаткан кези.