Соцфонд мыйзамсыз төлөмдөрдү алып жатабы? \\ Апрель ТВ
Социалдык фонд юридикалык жактардын каттоо номерлерин жапырт өзгөрттү. Бул кызматты Бишкектеги айрым райондук башкармалыктар 50 сомго көрсөткөнү интернетте кабарланды. Мында айтылгандай жеке ишкерлер социалдык фонддун айынан кезектеги бюрократиялык башаламандыкка кабылып жатышат. Юридикалык жактардын каттоо номерин өзгөртүүгө эмне себеп болду?