Жайыл райондук ИИБнин жетекчисинин орун басары пара менен кармалды
Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам иштөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары 15-апрелде 40 миң сом пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, ал Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштө оң чечим чыгарууга убада берип, Жайыл райондук ИИБ Жол коопсуздук бөлүмүнүн инспекторунан 5000 доллар талап кылган. Бул сумманын 40 миң сомун алып жаткан жеринен колго түшкөн.