Митингде айтылган курч сөздөр HD

25.11.2019
#Матраимов #митинг #жаңылыктарБишкектеги Ала-Тоо аянтында «#REакция» жарандык акциясы өтүп жатат. Акциянын катышуучулары «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген талаптарды коюшууда. Алар колдоруна Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун, президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөттөрүн жана өлкөдө мыйзамдуулукту талап кылган жазуулар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты. Акциянын катышуучулары анын башталышында Кыргызстандын гимнин аткарышып, 2010-жылы апрель окуясында окко учкандардын аты-жөнү жазылган тактага гүлчамбар коюшту. 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланды. Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар камтылган. Олчойгон ири суммадагы акча каражаттары кантип адалданып турганы да айтылган. Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи.

Похожие видео

Кыйналганда баламды бирөөгө берейин дегем 29 жаштагы 5 балалуу эненин арманы:
27.05.2017
04:43

Кыйналганда баламды бирөөгө берейин дегем 29 жаштагы 5 балалуу эненин арманы: "Жолдошум акчанын айыбынан жаңы төрөлгөн кенже баламды сатабыз деди..." Абдылдаева Гульнара секелек кезинде ар бир кыздардай эле кыялданып, болочок күйөөсүнүн таттуу сөздөрүнө ишенип турмушка чыккан. Ойлогону тескерисинен чыгып турмуш курган күндөн баштап көзүнүн жашы кургай элек. Жолдошу алдамчылык менен адамдардан акча алып жашачу экен, 3 - баласынан кийин алдамчылыктын артынан түрмөгө отургузулат. Сүйүүнүн көзү көр дегендей күйөөсүнүн кылыгына ишенбей ал түрмөдө отурган кезинде кайын – журту жардам бербей койгондуктан төркүнүнөн акча алып күйөөсүнүн карыздарынан кутулуп, 3 баласы менен иштеп балдарын багат. Түрмөдөн чыккан күйөөсү адал оокат кылып үй бүлө баккандын ордуна мурдагы ишин кайра улантат да алдамчылык менен экинчи жолу темир тор аркасында калат. Ал учурда 5 баланын энеси болгон бул айым балдарын жалгыз иштеп багат, жолдошунун карыздарынан кутулат. Экинчи жолу түрмөдөн чыгып таш боор жолд

одноклассники
Показать еще