"Коммунизм" мектебин 20 жыл мурун бүтүргөн бүтүрүүчүлөр! 1985 - жылкылар!

03.06.2022
Ассалоому алейкум Коммунизмдиктер! Айылда ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ЖАҢЫЛЫК!(тексттин аягында түшүнөсүздөр) 25-май күнү мектебибизде айылыбыздын 1985-жылы туулган бүтүрүүчүлөрүнүн 20 жылдык жолугушуу салтанаты болуп өттү. Ошол бүтүрүүчүлөрдү мектептин жалпы жамааты жылуу маанайда,1-класстын ыр бийлери , эжеке-агайлардын куттуктоо сөздөрү менен тосуп алышты.Ошол эле кезде,келген Бүтүрүүчүлөр да өздөрүнүн каалоо тилектерин , эжеке-агайларына ыраазычылыктарын билдирип,ырдап бийлеп жакшы маанай тартуулаган окуучуларга ала келген белек бечкектерин тартуулап, мектептин жаңы имаратына,шарттарына аябай суктанып жатышты..... ...Айылыбыздын жалпы тургундары үчүн мектептин спорттук залына Волейбол боюнча мелдеш да өткөрүп беришти... ...Ошол келген Бүтүрүүчүлөрдун эң чоң, эң маанилүү БЕЛЕГИ болуп алардын алып келген ӨЗГӨЧӨ КИТЕПТЕРИ болду...Китептер ар түрдүү Адабий, Ыйман,Тарбиялык, Интелектуалдык, Мотивациялык , Бизнес жанрларында болгондугу КЫЗЫКТЫРДЫ. Чындыгында Сонун китептер экен. Китептерди жалпы АЙЫЛ ТУРГУНДАРЫ да алып ОКУСА БОЛОТ! КИТЕП ОКУЙЛУ! ☝️ КИТЕП ОКУШУБУЗ КЕРЕК!☝️ БАЛДАРЫБЫЗГА КИТЕП ОКУТАЛЫ!☝️ РАХМАТ СИЗДЕРГЕ 20 ЖЫЛДЫКТАР!(1985тер)

Похожие видео