УКМК: КР УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринин стабилдүү коррупциялык ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду- ВИДЕО
УКМК тарабынан, 325-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун (Адамдардын тобу тарабынан пара алуу) негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринин стабилдүү коррупциялык ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. “Достук-автодорожный” көзөмөл-өткөрмө пунктунун жооптуу кызматкерлери чек ара кызматынын айрым жетекчилеринин көзөмөлү астында чек арадан өтүп жаткан жарандардан, негизинен Өзбекстандын жарандарынан жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан опузалоо менен системалуу түрдө акча алып турушканы аныкталды. 2021-жылдын 19-октябрында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Достук-Автодорожный постунун башчысы «А.Э.», КР УКМКнын Ош облусу боюнча Чек ара башкармалыгынын башчысы "Ч.Н.", ошондой эле КР УКМКнын Чек ара кызматынын Генералдык штабынын башчысы - Чек ара кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары "КБ" кармалды. Кармалгандардын баары УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда ишти иликтөө уланууда, бул жагдайларга тиешеси бар башка кызмат адамдары аныкталууда. ------------------------------------------------------------------------ ГКНБ: Пресечена устойчивая коррупционная деятельность военнослужащих ГПС ГКНБ КР -ВИДЕО ГКНБ КР в рамках досудебного производства, зарегистрированного в ЕРПП по признакам преступления, предусмотренного п.3 ч.2 ст.325 (Получения взятки группой лиц) УК КР пресечена устойчивая коррупционная деятельность военнослужащих ГПС ГКНБ КР. Установлено, что должностные лица контрольно-пропускного пункта «Достук-автодорожный» под покровительством отдельных руководителей погранслужбы на системной основе занимались вымогательством и денежными поборами с пересекающих границу граждан, преимущественно граждан РУ и водителей большегрузных автотранспортных средств. 19 октября 2021 года в ходе оперативно-следственных мероприятий задержаны начальник КПП «Достук-автодорожный» «А.Э.», начальник УПС ГКНБ КР по Ошской области «Ч.Н.», а также Первый заместитель директора-начальник Генерального штаба ПС ГКНБ КР «К.Б.». Все задержанные водворены в ИВС ГУ ГКНБ КР по г.Ош и Ошской области. В настоящее время следствие по делу продолжается, устанавливаются другие обстоятельства и должностные лица, причастные к данным фактам.