ТЭЦ боюнча Айбек Калиев кармалды. (аудио) HD

18.04.2018
Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланып жатат. Айбек Калиев "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын төрагасынын кызматынан 10-апрелде бошотулган. Андан бери ал ооруканада жатканы айтылган. Быйыл 26-январда Бишкектеги Жылуулук электр борборунда авария болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилбей калган. Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган жылуулук электр борборуна карата сын пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Бул боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча иш козгоп, УКМК тергөө баштаган.

Похожие видео

Показать еще