«Хизб ут-Тахрир» уюмунун алты мүчөсү кармалды HD
Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун алты мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди. Тинтүү учурунда алардын үйүнөн ок атуучу куралдар, ок-дары, аталган уюмга тиешелүү китептер, баракчалар, ноутбук, телефон жана сим-карталар алынды. Факт боюнча материалдар Жазык кодексинин 314-беренесинин («Экстремисттик уюмду түзүү») 2-бөлүгүнүн негизинде соттук өндүрүшкө алынып, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү тизмесине катталды. Кармалгандар Нарын шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.
Похожие видео
Показать еще