Бал кантип экспорттолот. Жаңы ишкананын ачылышы

20.11.2019
Кыргызстандын балы Америкага, Түштүк Корея, Араб өлкөлөрүнө КМШ өлкөлөрүнө экспорттолуп жатат Бүгүн, 20-ноябрда Бишкек эркин экономикалык аймагында “Бал Аман” ишканасынын ачылышы болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Жээналиев, Айыл-чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Статс-катчысы Максат Ташболотов, USAID уюмунун Кыргызстандагы өкүлү катышты. “Бал Аман” ишканасы Кыргызстандын балын чет өлкөгө экспорттоо менен алектенет. Ишкана эл аралык стандарттарга жооп бере турган лаборатория менен жабдылган. “Бал Аман” ишканасынын жетекчиси Кадыр Аалы буларга токтолду: “Биздин компания “Бал Аманды” ачканга чейин бал боюнча 2013-жылдан бери иштеп келгенбиз. Лабораториябыз эл аралык талаптарга жооп берет, биздин бул деңгээлге жетишибизге USAID уюмунун көмөгү чоң болду. Учурда биздин бал Америкага, Түштүк Корея, Араб өлкөлөрүнө КМШ өлкөлөрүнө экспорттолуп жатат. Андан сырткары Кыргызстандагы чоң-чоң соода борборлорунун текчелеринен көрсөңүздөр болот”, - деди. Андан кийин USAID уюмунун өкүлү сөз сүйлөп, Америка менен Кыргызстан мындан ары да ишкерликти колдоо багытында тыгыз иштеше тургандыгын билдирди. “Биз Кыргызстанда 500дөн ашуун ишкерликке көмөк көрсөттүк, анда 14 миңден ашуун жумуш орундары түзүлдү. Бул биз үчүн чек эмес, мындан кийин да чакан жана орто ишкерликтин өнүгүүсүнө жардам берүүнү улантабыз”,- деди. Келген сыйлуу коноктор кызыл тасма кесишип, ишкананын жетекчиси иштин жүрүшү жана жаңы салынган лаборатория менен тааныштырды.

Похожие видео

Кыйналганда баламды бирөөгө берейин дегем 29 жаштагы 5 балалуу эненин арманы:
27.05.2017
04:43

Кыйналганда баламды бирөөгө берейин дегем 29 жаштагы 5 балалуу эненин арманы: "Жолдошум акчанын айыбынан жаңы төрөлгөн кенже баламды сатабыз деди..." Абдылдаева Гульнара секелек кезинде ар бир кыздардай эле кыялданып, болочок күйөөсүнүн таттуу сөздөрүнө ишенип турмушка чыккан. Ойлогону тескерисинен чыгып турмуш курган күндөн баштап көзүнүн жашы кургай элек. Жолдошу алдамчылык менен адамдардан акча алып жашачу экен, 3 - баласынан кийин алдамчылыктын артынан түрмөгө отургузулат. Сүйүүнүн көзү көр дегендей күйөөсүнүн кылыгына ишенбей ал түрмөдө отурган кезинде кайын – журту жардам бербей койгондуктан төркүнүнөн акча алып күйөөсүнүн карыздарынан кутулуп, 3 баласы менен иштеп балдарын багат. Түрмөдөн чыккан күйөөсү адал оокат кылып үй бүлө баккандын ордуна мурдагы ишин кайра улантат да алдамчылык менен экинчи жолу темир тор аркасында калат. Ал учурда 5 баланын энеси болгон бул айым балдарын жалгыз иштеп багат, жолдошунун карыздарынан кутулат. Экинчи жолу түрмөдөн чыгып таш боор жолд

одноклассники
Показать еще