САДЫР ЖАПАРОВ Байрактарды сыноодон өткөрүп, танкаларды жардырды HD

31.03.2022
Ысык-Көл облусундагы "Эдельвейс" окуу борборунда бул машыгууда “Байрактар” сокку уруучу учкучсуз учактары колдонулду. Президенттин басма сөз кызматы "машыгуунун негизги максаты - мамлекеттик чек ара тилкесинен өтүп келген шарттуу душманды жок кылуу боюнча күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттеринин ырааттуулугун иштеп чыгуу", экенин билдирди. Өткөн жылдын аягында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматына "Байрактар" учкучсуз учуучу аппараттары тапшырылган. Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев өткөн аптада учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен машыгуу өтөрүн айткан. Расмий бийлик Кыргызстан бир жылда аскердик техникасын жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы 100 миллион доллар бөлгөнүн жарыялаган. “Байрактар” – чалгын жана сокку уруу максатында колдонулуучу, орто бийиктикте, узак убакыт уча ала турган учкучсуз аппарат. You Tube - Dialog_tv Инстаграм - https://www.instagram.com/dialog_kabar/ Tik Tok - https://www.tiktok.com/@dialog_tv Пайдалуу жана кызыктуу маалыматтар Dialog_tv медиа порталында #саясат#экономика#шоубизнес#маданият#спорт#жылдыздар#

Похожие видео