Жапаров журналисттерди коррупция менен күрөштө көмөктөшүүгө чакырды HD

10.10.2020
Кыргызстандын жаңы шайланган өкмөт башчысы Садыр Жапаров журналисттерди жемкорлук менен күрөштө көмөктөшүүгө чакырды. Ал бул тууралуу 10-октябрда өткөн маалымат жыйында «Азаттыктын» журналистинин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Мындан ары журналисттер коррупция боюнча күрөшүү боюнча мен силердин күчүңөргө таянам. Силердин жардамыңар керек. Мисалы, Али Токтакуновдун программалары сыяктуу иликтөөлөрдүн авторлоруна рахмат айтуунун ордуна, бийлик тескерисинче аларды каралаган учурлар болду. Эми ар бир журналист ошондой иликтөөлөрдү жасаңыздар. Коррупцияны иликтеп, тактап, бир тараптуу болбосун. Жапаров ошондой эле жемкорлукка барганы журналисттик иликтөөдө далилденген ар бир адам кандай макамда болбосун жазага тартыларын кошумчалады. 10-октябрда парламент кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекитти. Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мыйзамдуу өкмөт түзүлгөндөн кызматтан өз арызы менен кетерин жарыялаган. Жапаров депутаттардын алдында сүйлөп жатып, Жээнбеков бул убаданы аткарарын ырастады. 4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир топ саясатчыларды, анын ичинде Садыр Жапаровду жактоочулары камактан чыгарып алышкан.

Похожие видео

КМДБ КАЙРЫМДУУЛУК ФОНДУ ДАГЫ БИР МЕКЕНДЕШИБИЗДИ КЫРГЫЗСТАНГА ЖИБЕРДИ. Мекендешибиз Казакова М . 2016- жылдан бери Кыргызстанга эки кичинекей кызы м-н кете албай жүргөн. Жолдошу мыйзам бузгандыгы үчүн Россия аймагынан депортацияланган. Москва келгенине бир ай өтүп өтпөй эле паспортун жоготуп алган мекендешибиз эки(2) аралыгында 6 жана 7 жаштагы кыздары м-н Раменское районунда күн өткөрүүгө аргасыз болуп жүргөн. Албетте ар бир сыноонун акыры болгондой эле Мекендешибиздин да бул сыноолору буйруса артта калды . Аллахтын жардамы жана мээримдүү инсандардын кол кабышы менен желкебизге түшкөн бир чооң жүктөн жеңилдедик. Мекендешибизди эки кызы менен 25- март күнү Домодедова аэропортунан Ошко учкан самелотго билет алып берип, регистрациядан өтүп, самолетко отурдум деп айткычакты кыжалаат болуп . Ал жерде күтүп отурдук . Аллага чексиз шүгүрлөр болсун. Алар аман эсен мекенибизге жетип өз жакындарынын кучагында отурушат. «Кыйынчылыктан кийин Аллах (сөзсүз түрдө) жеңилчилик кылат» ( Талак
26.03.2018
04:42

одноклассники
☝- САКАЛДЫ АРАЛАГАН КӨЗ ЖАШ❗ “Алмазбек Шаршенович Садыр Жапаровдун атасынын абалы оорлоп бара жатат” Түп районундагы Кең-Суу айлында Садыр Жапаров атасы Нуркожо Ажы ата жашайт. Илим билимдүү. Араб тилин суудай билип так жазган ата уулу Садыр, баласы Сабыр, неберелери камакта жаткандан бери абалы начарлап өзүн таштап жиберген. Ата-эне эч эч качан баланын запкысын тартпасын. Так ушул таптарда Нуркожо ата төшөктө жатып калган. Бир нече ай мурун биздин чыгармачылык топ барганда, Нуркожо атанын сакал аралашкан көз жашын көрүп баарыбыздын жүрөгүбүз эзилген. 84 жаштагы Ажы ата мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаевдин атына бир дагы жаман сөз айтпай, “уулу Алмазды жаман дебеймин, көзүмдүн тирүүсүндө камактан чыгып кетсе болду. Садырдын камалышына мен күнөөлүүмүн, кайра- кайра кел деп чакыртып алдым болбосо Кыргызстанга келмек эмес эле. Алмазбек балама, ата катары ушул аксакалдык башым менен, алыстан ат арытып барсам эшигин сагаалатып кабыл албай койгонуна абдан өкүндүм! Кабыл алса аталык эле
12.08.2017
01:54

Показать еще