Кытайлар кыргыз жигиттерин урду деген видео боюнча Чүй ички иштер башкармалыгы жооп берди

13.12.2018
Бүгүн, 13-декабрда социалдык тармактарда күч органдарына кайрылуу жасаган кыргыз аксакалынын видеосу тараган. Анда кытай заводунда иштеген кыргыз жигиттери кытай улутундагы адамдардан катуу токмоктолуп, денелери кескиленгендиги айтылат. Бул видео тасма тууралуу Чүй облусттук Ички иштер башкармалыгы маалымат берди. Берилген маалымат боюнча, кечээ, 12-декабрь күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Жайыл РИИБге Кара-Балта шаарынын 35 жаштагы М.И. аттуу жашоочусу “бетинде, эки колунда көптөгөн кесилген жаракаттар, башында тактары бар” жаракаты менен ооруканага жаткырылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Жайыл РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барган. Жабырлануучунун сөзү боюнча ал 10-декабрь күнү болжол менен саат 18:00 чамасында үйдөн чыккан жана ага 30-35 жаштардагы белгисиз үч адам келишип, күч колдунуу менен ак түстөгү “Тайота Виндом” үлгүсүндөгү автоунаага отургузушуп, белгисиз жакка алып барышкан. Анын колдорун байлашып, курч буюм менен жараттарды келтиришип, моюн тарапка белгисиз уколду сайышкан. Андан соң, Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн бирине жабырлануучуну таштап кетишкен. Аталган факты Жайыл РИИБде катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин (Адамды уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Бул окуяга “чет өлкөлүк жарандардын тиешеси бар деп так кесе алдына ала айтууга болбой тургандыгын баса белгилейт. Азыркы учурда Чүй ОИИББдин жана Жайыл РИИБдин кызматкерлери аталган кылмыш ишинин бетин ачуу максатында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.

Похожие видео