Аквапаркта каза болгон бала. Ата-энелер министрликтин алдына митингге чыгышты HD

12.06.2022
Бишкектеги "Ала-Тоо" аквапаркында чөгүп кеткен баланын классташтарынын ата-энелери Билим берүү жана илим министрлигинин алдына митингге чыгышты. Алар мектеп директору Айгүл Шаимованы жана аквапарктын жетекчилигин кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышууда. Ата-энелердин бири Жанара Нарматова директорду кызматтан алып гана тим болбостон, кылмыш жазасын берүү керектигин билдирди. Себеби бул биринчи учур эместигин айтты. "Буга чейин да ушул мектептин окуучуларынын коопсуздугун тобокелге салып циркке, киного алып барышкан. Бир ай мурун 800-1000 окуучуну, бир маршруткага 60тай баладан салып циркке алып барган. Мындан сырткары, коммерциялык класстар үчүн биз ар бир окуучуга айына 2000 сомдон төлөйбүз. Үч мөөнөт менен окушат, демек, бир эле кабинет айына 120 миң сом алып келүүдө. Коррупциялык элементтерди дагы текшериш керек", — деди Нарматова. Ошондой эле алар мектепке башка директор дайындалышын талап кылышууда. Ошону менен бирге ата-энелер "Ала-Тоо" аквапаркынын жетекчилери тиешелүү жазасын алышы керектигин айтышып, билим берүү системасын да реформалоону суранууда. Эске салсак, 6-июнь күнү Бишкектеги "Ала-Тоо" аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Аталган окуяны териштирүү боюнча мэрия тарабынан комиссия түзүлгөн. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 127 ("Этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келүү") жана 297-беренеси ("Керектөөчүлөр үчүн кооптуулук жаратуу") боюнча иш козгогон. Аквапаркка жалпы жонунан башталгыч класстын 232 окуучусу барган. Аларды тогуз класс жетекчи жана тогуз ата-эне коштоп жүргөнү айтылган. Бул ишке байланыштуу № 95 мектептин алты мугалими жана башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы иштен бошотулган. Ал эми аквапарктын жетекчилигине чара көрүлө элек.

Похожие видео

Болгон жана бул тууралуу эч кандай ТВ, радио, интернет КӨРСӨТПӨГӨН чындыкты айта кетсек, Ооганстандагы Кундуз шаарында хаафиздер (Кур'ан жаттап, анын маанисин билгендер), жаш балдар мектебин Американын учак кемелери бомбалап жарып жиберген эле (04.04.18). Мектепте жүздөн ашуун бала жарылуудан каза тапты. Бир хаафиздин колун кармап атасы коштошуп жатканда, баланын жансыз мейити атасынын колун кое бербей жатты. Ошол жердеги жакындары муну көрүп, өксүп ыйлап жатышты. Баласы каза болсо, албетте, ата -энеге кыйын. А бул жерде жаш балдар өлтүрүлдү го?! Зулумдук жасалып жатат го?! Аллах сабыр берсин! Жеңилдик берсин! Бейиштик балдар! Аллах эсеп алууда .... Бул жашоо биз үчүн сыноо! Йа Роббим! Бизди кечир! Бүткүл мусулмандарды, биздин эли -журтубузду заалимдерден, ар кандай зулумдуктан сактай көр! http://instagram.com/formulasy
14.04.2018
01:01

одноклассники