Бабанов: Атамбаев көз карандысыз сотторду түзө алган жок HD
Алмазбек Атамбаев президенттик кызматта турган алты жылында көз карандысыз сотторду түзө алган жок. Бул тууралуу президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен саясатчы Өмүрбек Бабанов НТС телеканалындагы маеги учурунда билдирди. "Биз бардыгыбыз 25 жылдан бери инвестиция деп айтып келебиз. Инвестиция тартуу үчүн көз карандысыз сотторду түзүшүбүз керек. Сооронбай Шарипович өзү да сотторго ишенбей турганын айтты, биз сотторго көз карандысыздыкты түзүп берген соң талап кылышыбыз керек... Биз аларды көз карандысыз кылсак, өлкөдө чоң секирик болот". Кыргызстанга жакын арада келе турганын айткан Бабанов, өзүнө карата козголгон кылмыш иши жабылса “баарын жаңы барактан баштап, президентке да, өкмөткө да жардам берүүгө даяр” экенин билдирди. Ошондой эле айыл чарба, IT технология тарабынан жардамдашуу ниети бар экенин, фонд ачып жаңыдан иш баштаган стартап компанияларга, мектепте жакшы окуган балдарга, чет өлкөдө окуп жаткандарга көмөк көргөзө турганын айтты.
Похожие видео
Показать еще