Экс-президент Атамбаев акталды - BBC Kyrgyz HD

29.06.2022
#Би-Би-Си Кыргыз кызматы #Алмазбек Атамбаев #жанылыктар 2020-жылдын октябрьда жапырт башаламандык боюнча айыпталган экс-президент Алмазбек Атамбаев сот тарабынан акталды. Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту, кылмыштын курамы жок деген бүтүм чыгарды. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен бирге, анын кеңешчиси Фарид Ниязов, жансакчысы Канат Сагымбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жана саясатчы Өмүрбек Бабанов дагы акталды. Фарид Ниязов сот залынан дароо бошотулду. Калгандардын бөгөт чарасы соттун өкүмү күчүнө киргенге чейин өзгөртүүсүз калтырылды. Буга чейин пропкурорлор Атамбаевди Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жылга абакка кесүүнү сурап жаткан. Калган саясатчыларга да “Жапырт башаламандыктар” жана “Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук” айыптары коюлуп жаткан. Инстаграм баракчабызга жазылыңыз: https://www.instagram.com/bbcnewskyrgyz/ Вебсайтыбызга баш багыңыз: https://www.bbc.com/kyrgyz Фейсбук баракчабызга көз салыңыз: https://www.facebook.com/bbcnewskyrgyz

Похожие видео

Показать еще