Патриоттук духту көтөргөн ыр | Элим үчүн
"Элим үчүн" Сөзү : Ulikson Обону : Ulikson Жашоого келдиң ким үчүн, эмне үчүн? Жараткан берген жан үчүн, жазганы үчүн. Кай жактан келдиң эмне үчүн, кайда барам? Бул дүйнөң жалган Жараткан, пенде үчүн. Кетпесин эл алыска иштеш үчүн. Калсынчы өз мекениңде, балдары үчүн. Өзөктөн из сыйрып чыгып, күйүп тытып, Өмүрлөр өтөт чет жерде эмне үчүн? Кайырма: Ишенем адилеттин жеңерине, Чындыктын күбө болуп берерине. Ишенем келечектин кеңдигине, Ар бир иштин акыбети келерине. Жакшылык барбы жашоодо элим үчүн? Күйгөн жан барбы эл үчүн, иштеш үчүн? Келет го бизге бир пенде элим үчүн. Күйгөн жан баары үчүн, иштеш үчүн. Көтөргөн бийик желегин элим үчүн. Көктөгөн ыйык тилегим жерим үчүн. Намыстан кыргыз ойгонуп, канат кагып. Дүйнөгө көрсөтчү өзүңдү элим үчүн. Контакты для рекламы и сотрудничества: copyright-letter@mail.ru © Кыргызча Ырлар
Похожие видео
Показать еще